Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Атамбаев: Чала молдолор денеге чыккан чыйкандай болууда


Президент Алмазбек Атамбаев “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын ачылышында
Президент Алмазбек Атамбаев “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын ачылышында

Азыркы кезде диний ураандарга жамынган экстремизм менен терроризмдин толкунун ар бир мамлекетти бекемдөө, жеке маданиятты, тилди жана өзгөчөлүктөрдү сактоо аркылуу гана жойсо болот. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Президент азыр чала молдолор жана андайларды ээрчигендер көбөйгөнүн, алар ислам динине көлөкө түшүрүп жатканын, динде таңуулоо, мажбурлоо жоктугун, дин ар бир адамдын жүрөгүндө болорун белгиледи.

- “Чала молдо дин бузат” деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык Ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат. Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат? – деди Атамбаев.

Конференцияга 19 өлкөдөн келген белгилүү окумуштуулар, ислам таануучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап жатышат. (KE)

XS
SM
MD
LG