Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Премьер-министр Сапар Исаков Орусияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 29-30-сентябрга пландалып жаткан сапар алкагында ал орус премьери Дмитрий Медведев, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугат.

Исаков «Сколково» инновациялык борборунун иши, Москванын «Коопсуз шаар» долбоору, ВДНХдагы «Кыргызстан» павильонунун абалы менен таанышып, «Muras Clinic» медициналык борборунун ачылышына катышат.

Ошондой эле Орусиядагы кыргызстандыктар, кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугат.

Өкмөттүн маалымат кызматы кыргыз премьер-министринин Орусияга акыркы расмий сапары 26 жыл мурда болгонун, ошондон бери алгачкы жолу расмий деңгээлдеги сапар пландалып жатканын белигилөөдө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG