Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Түптө экстремизм үчүн соттолгон баатыр эне облсотко арызданды


Асаналиевдердин үй-бүлөсү
Асаналиевдердин үй-бүлөсү

Түптө райондук соттун өкүмү менен үйүнөн "Хизб ут-Тахрир" уюмуна таандык китеп табылды деген аял үч жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын күйөөсү Нурмат Асаналиев билдирди.

Соттолгон Назира Асаналиеванын баатыр эне деген наамы бар.

Күйөөсүнүн айтымында, алар Ой-Булак айылында турушат.

2016-жылдын 5-мартында үйүн УКМКнын жана райондук милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, 10дон ашык диний китеп алышкан, анын баары муфтияттын мөөрү басылган китептер болгон.

Бирок арасынан бир китеп "Хизб ут-Тахрир" уюмуна таандык деп, Назира Асаналиева күнөөлөнгөн. Теологиялык экспертиза да китеп "Хизб ут-Тахрир" уюмуна таандык деп тапкан.

Нурмат Асаналиев бул китеп алардын үйүнөн чыкканын танууда. Ал тинтүү учурунда атайын кызматтын өкүлдөрү таштап коюшу мүмкүн болчу деген көз карашта.

Райондук соттун өкүмүнө макул болбогон Асаналиевдер Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз жазышты.

Нурмат Асаналиев өзү "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү экенин жана бул үчүн мурда соттолгонун, бирок аялынын ага тиешеси жоктугун айтууда.

Назира Асаналиева 11 баланын энеси, төрт небереси бар, үч айлык боюнда бар.

"Хизб ут-Тахрир" Кыргызстандын аймагында экстремисттик уюм деп таанылган. (AsM)

XS
SM
MD
LG