Ош облусунун Кара-Суу районунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баннерин айрып кетишти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Окуя Мады айылында бүгүн болду. Ал жерге милиция кызматкерлери чакырылды.
Баннерди ким айрып кеткени белгисиз.
Бабановдун шайлоо штабы жана жергиликтүү шайлоо комиссиясы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкер ат салышууда.
Бабанов "Республика" партиясынын жана парламенттеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери. (YI)