Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:39

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады


Кыргыз-өзбек чек арасы

Жогорку Кеңеш бүгүн кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди экинчи жана үчүнчү окууда жабык карап, ратификациялады.

«Азаттык» радиосуна парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, документтин кабыл алынышына жыйынга катышкан 97 депутаттын 97си макул деп добуш берди.

Өткөн аптада бул маселе биринчи окууда да жабык каралып, көпчүлүк добуш алган. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков жана өкмөт мүчөлөрү катышкан.

Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент ратификациялаган соң ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 5-октябрга деп айтылып жаткан Ташкент сапарында эки өлкө башчыларынын кол коюусу күтүлүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG