Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Ооганстандагы жардыруудан 12 киши мерт кетти


"Хамви" аскерий автоунаалары.
"Хамви" аскерий автоунаалары.

Ооганстандын Кандагар провинциясында болгон жанкечтинин чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери набыт кетип, бир нечеси жарадар болду.

Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы маалымдады. Жанкечти жардыруучу зат орнотулган "Хамви" автоунаасын айдап барып өкмөттүк имаратттардын алдынан жардырып жиберген.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алды.

Талиптер ошондой эле Маруф районунун борбордук бөлүгүн өз карамагына алганын жарыялашты. Бул маалыматты Кандагардын полиция башкармалыгынын маалымат катчысы Зиа Дуррани четке какты.

Миңдей "Хамви" автоунаасы АКШ тарабынан ооган армиясына тапшырылган. Акыркы бир нече жылда "Талибан" аталган кымбат баадагы ондогон автоунааны тартып алышкан.

XS
SM
MD
LG