Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

ЕККУ: жыл башынан бери Донбасста 68 жай тургун мерт болду


Донбасстагы өкмөттүк күчтөр.
Донбасстагы өкмөттүк күчтөр.

2017-жылдын башынан бери Украинанын чыгышындагы Донбасс облусундагы куралдуу жаңжалдардан кеминде 70тей жайкын тургун набыт болду. Бул тууралуу 28-сентябрда өткөн маалымат жыйында Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын төрага орун басары Александр Хуг билдирди.

Соңку бир күн ичинде Донбасстагы орусиячыл козголоңчулар ок атышпоо режимин 15 жолу бузушканын УНИАН маалымат агенттиги жазды.

Улуттар Уюмунун соңку маалыматына ылайык, Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын ортосунда 2014-жылы тутанган куралдуу кагылышуулар андан бери үч миңдей жайкын тургундун өмүрүн алды. Киев жана Батыш мамлекеттери Москваны козголоңчуларды колдойт деп айыпташса, Москва мойнуна албай келет.

XS
SM
MD
LG