Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Ашхабаддан кайткан спортчуларды Сапар Исаков тосуп алды


Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарына катышкан кыргызстандык команда мекенине кайтты.

Бүгүн "Манас" аэропортунда аларды тосуп алуу салтанатына премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Ал 63 өлкөнүн арасынан сегизинчи орунду ээлөө Кыргызстан учүн сыймык экенин айтып, спортчуларды куттуктап, ыраазылыгын билдирди.

Оюндарга Азия жана Океания чөлкөмүнөн алтымыштан ашуун мамлекеттен жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулду.

11 күнгө созулган мелдештердин жыйынтыгында медал алган өлкөлөрдүн көч башын түркмөнстандык спортчулар жетектеди. Алар жалпы 246 медал топтогон. 85и алтын, 70и күмүш, 86сы коло.

2-орундагы Кытай командасында 42 алтын, 32 күмүш, 23 коло, 3-орундагы Иранда 36 алтын, 23 күмүш, 59 коло байге бар.

4-орунду ээлеген Казакстанда 28 алтын, 28 күмүш, 40 коло, 5-катардагы Өзбекстандын спортчулары 24 алтын, 33 күмүш, 74 коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын командасы 70 байге менен 8-орунду ээледи. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло.

Кыргыз спортчулары түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, алыш, казак күрөшү, пахлавани, ат спорту, тай боксу, бильярд, жеңил атлетика, кикбокс, самбо, спорттук бий, жиу-житсу, эркин күрөш жана грек-рим күрөшүнөн байгелерди алышты.

Мелдешке Кыргызстан 153 спортчуну спорттун 17 түрүнөн жөнөткөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG