Кытай бийликтери алдыңкы төрт ай ичинде өлкө аймагындагы түндүк кореялык бардык компанияларды жабуу чечимин кабыл алышты.
Чет жактардагы Кытай менен Түндүк Кореянын биргелешкен компанияларынын ишмердүүлүгү да токтотулат. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги Кытайдын Тышкы соода министрлигине шилтеме жасап жазды. Мекемеден кабарлашкандай бул чаралар БУУнун санкцияларынын алкагында кабыл алынды.
Өткөн аптада Кытай Түндүк Корея менен соода көлөмүн кыскартканын билдирген. Бээжин Пхеньяндын негизги соода өнөктөшү деп саналат.
12-сентябрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы соода санкциялары боюнча резолюция кабыл алган. Кытай да бул талаптарга баш ийүүгө макул болгон. Санкциялардын киргизилишине Түндүк Кореянын ядролук программасы түрткү болгон.