Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Путин менен Эрдоган Анкарада жолугушат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган 28-сентябрда Анкарада жолугушуп, Сирия менен Ирак маселесин талкуулашат.

Эки күн мурда эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирактын Күрт автоном аймагында өткөрүлгөн көз карандысыздык боюнча талаштуу референдумду талкуулашкан.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус президентинин Түркияга болгон бир күндүк сапарын комментарийлеп, Москва менен Анкара тыгыз кызматташып жатканын билдирген. Ошондой эле ал жолугушууда эки президент эки өлкө ортосундагы соода-сатык, инвестиция, аскерий-техникалык багыттагы кызматташтык боюнча пикир алмашарын кошумчалады.

Ал эми Эрдогандын администрациясы тараткан билдирүүдө лидерлер эки тараптуу алакалардан тышкары аймактык жана эл аралык темаларды, тактап айтканда Ирак жана Сирия маселелерин да козгошору маалымдалган.

Сирияда алты жылдан бери токтобой келаткан жарандык согушта Орусия менен Иран президент Башар Асадды колдоп келишет, ал эми Түркия АКШ менен биргеликте өкмөткө каршы оппозициячыл топторду колдошот.

Ушул айдын башында Орусия, Иран жана Түркия Сириянын Идлиб провинциясында деэскалация зоналарын түзүүнү макулдашышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG