Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Алдыңкы интернет компаниялар АКШ Конгрессинде көрсөтмө беришет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Google, Facebook жана Twitter сыяктуу америкалык ири интернет компаниялардын жетекчилери Конгресстеги угууларга Орусиянын 2016-жылы өткөн АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу көрсөтмө берүүгө чакырылышты.

Биринчи угуулар 1-ноябрда өтөрү күтүлүүдө. Мыйзам чыгаруучулар Москва тарабынан каржыланып, америкалык колдонуучулар тарабынан жайылтылган жалган кабарлар тууралуу маалыматка кызыкдар экенин билдиришкен. Алардын пикиринде ушундай жол менен Орусия америкалык шайлоочулардын добушуна таасир этүүнү көздөгөн.

Буга чейин Facebook социалдык тармагы Америкада шайлоо кампаниясы өтүп жаткан маалда аталаган тармакта орусиялык колдонуучулар тарабынан америкалык аудиторияга багытталган үч миңдей саясий жарнама жайгаштырылганын билдирген.

Мындан улам буга чейин Фейсбуктун жетекчилиги Конгресске жабык угууларга чакыртылган. Ал эми бүгүн, 28-сентябрда Твиттердин башчылары Конгрессте брифинг өткөрөрү маалым болду.

Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү тууралуу Кошмо Штаттарда бир канча иликтөө жүрүп жатат. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG