Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:36

Орус аскерлери Сирияда туткундалды деген маалыматтар четке кагылды


Орусиялык аскер полициячы Сирияда. Алеппо шаары. Август, 2017-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Сирияда окко учканы жана туткунга түшкөнү тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу "Интерфакс" Орусиянын "Хмеймим" авиабаза өкүлүнүн сөзүнө шилтеме кылып таратты. Мурдараак айрым маалымат каражаттары исламчыл Amaq агенттигине таянып, Дейр-эз-Зор провинциясында бир орус аскери өлүп, дагы экөө ИМ тобунун согушкерлери тарабынан туткунга алынганын жазышкан.

24-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Дейр-эз-Зор шаарында генерал-лейтенант Валерий Асаповдун набыт болгонун ырастаган.

Рейтер агенттигинин маалыматтары боюнча, быйыл жыл башынан бери Сирияда кеминде 40 орус аскери набыт болгон. Расмий булактар алардын ичинен онун гана ырастаган.

Орусия Сириядагы согушка эки жыл мурда аралашкан.

XS
SM
MD
LG