Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Өзбекстандык өнөр жай тармагы Бишкекте жармаңке уюштурууда

Жармаңке 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкектеги Спорт сарайында өтөт. Ага Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан 200дөн ашуун ишкана катышат.

Жармаңкеде азык-түлүк, жумшак оюнчуктардан тарта идиш-аяк, үй эмеректерине чейинки миң түркүн товарлар сатылат.

Мындан тышкары келген конокторго өзбек элинин улуттук каада-салты театралдаштырылган түрдө көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар тартууланат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен 5-сентябрда келип кеткен. Анын сапарынан соң кыргыз-өзбек чек арасындагы эки ири чек ара бекети ачылып, коңшулаш эл жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

5-6-октябрда Өзбекстанга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен барат. Сапар алкагында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында ишкерлердин "Өзбекстан-Кыргызстан-2017" деп аталган форуму болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG