Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Бозгундагы өзбек журналисти Киевде кармалды


Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” өзбекстандык журналистти бошотууга үндөдү.


Журналисттин адвокаты Алексей Федоров билдиргендей, Назрулло Охунжанов Өзбекстанга экстрадиция болушу ыктымал. 27-сентябрда Киев шаардык соту өзбекстандык журналистти 40 күнгө камоо чечимин чыгарды.

Назрулло Охунжанов Интерпол издөөгө алган кишилердин тизмесинде болгондуктан, 20-сентябрда Киев аэропортунда кармалган. Өзбекстан Назрулло Охунжановду алдамчылыкка айыптап, эл аралык издөө жарыялаган.

Журналист айыптоолорду четке кагып, Өзбекстандан саясий себептерден улам чыгып кеткенин айтууда. Ал мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин адам укуктары жаатында абал кыйындагандан соң, Түркиядан да кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Бир нече күн мурда Түркияда бозгунда жүргөн жеринен мекенине кайтып келген өзбекстандык жазуучу Нурулло Отаханов аэропорттон кармалып, камакка алынган. Аны укук коргоо органдары «Бу кунлар» («Бул күндөр») деген китебинде экстремисттик идеяларды пропагандалаган деп күнөөлөп жатат. Жазуучу китебинде Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдарын, мурдагы президент Ислам Каримов тарабынан негизделген режимди жана анын башкаруусу маалында калыптанган авторитаризмди катуу сындаган.

XS
SM
MD
LG