АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хэйли Орусияны Иранды калкалоого аракет кылып жатат деп айыптады. Ал Москва Тегеранды БУУнун Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) иликтөөсүнөн коргогусу келип жатканын 28-сентябрда айтты.
Аталган агенттик Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөлдөп келет. АКШ бул агенттикке көзөмөлдү күчөтүүгө, иликтөө иштерин кеңейтүүгө чакырып келет. БУУдагы дипломаттар кабарлагандай, Орусия МАГАТЭде келишимдин өзөктүк курал жасоого жол ачкан аракеттерге тыюу салган маанилүү бөлүмүн иликтөө укугу жок деп эсептейт.
2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Ирандын ортосунда келишим түзүлүп, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Иранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар дээрлик жоюлган.