Индиянын Мумбаи шаарындагы темир жол станциясында кеминде 21 адам тебелендиде калып каза таап, 30дан ашууну жараат алды.
Жергиликтүү полиция билдиргендей, окуя Элфинстон станциясында темир жол рельстеринин үстүнөн өткөн көпүрөдө эл көп жүргөн учурда болгон. Көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген ушактан улам эл туш келди чуркай баштаган.
Социалдык тармактарга тараган видеолордо айрымдар тебелендиде калбоо үчүн көпүрөдөн секирип кетип жатканын көрүүгө болот.