Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Бабановдун штабы: Монтаждалган жалган видео тараткандар жазалансын


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт.

Бүгүн штаб билдирүү таратып, “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата кара пиар күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыкты.

Билдирүүдө ошондой эле Бабановдун өкүлдөрү буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдогону жатканы, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектиги” айтылат.

Бабановдун штабы ал Ошто эл менен жолукканда бардык улуттарды достукка жана эмгекке чакырганын, кайсы бир талапкерге добуш бергиле деп мажбурлап коркуткандарга чогуу каршы турууга чакырганын белгилөөдө.

Кечээ Бабанов Ошто Амир-Темур кичи районунун тургундары менен жолуккан.

Бүгүн интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тарап жатат.

Кыргыз жана өзбек улутундагы тургундар, Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборунун кызматкерлери пресс-конференция уюштуруп, Бабановдун айтканын чагым деп аташты. Алар ошондой эле тийиштүү органдардан бул боюнча чара көрүүнү талап кылышты.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунда эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүн өз алдыңарча таратуудан карманып турууну суранабыз. Сиздер улут аралык кастыкты козутууга салым кошуп калышыңыздар мүмкүн” деген билдирүү таратты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG