Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

ИМ тобу Багдадиге таандык делген аудиону жарыялады


Абу Бакр ал-Багдади
Абу Бакр ал-Багдади

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өлүү-тирүүсү алигиче так белгисиз лидери Абу Бакр ал-Багдадинин үнү делген жаңы аудиону жарыялады.

Согушкерлерге таандык "Ал-Фуркан" жаңылыктар уюму 28-сентябрда тараткан 46 мүнөттүк аудио качан жаздырылганы белгисиз. Анда Багдадидей сүйлөгөн адам Түндүк Кореянын Жапония менен АКШга карата соңку коркутуулары, Мосул шаары үчүн кармаш тууралуу сөз кылган.

Багдадинин үнү делген буга чейинки аудио 2016-жылдын ноябрь айында жарыяланган. 46 жаштагы Багдади 2014-жылы Мосулдун ан-Нури мечитинде туруп “халифат” жарыялагандан бери коомчулукка көрүнө элек.

22-июнда Москва "жоочулардын лидери ал-Багдади орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан өлдү" деп билдирген. ​29-июнда Ирандын жаңылыктар агенттиги дагы Багдадинин “өлгөнү анык” деген кабар тараткан. Мындай маалыматты 10-июлда Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория дагы бышыктаган. Пентагондун өкүлдөрү Багдадинин өлтүрүлгөнүн ырастаган маалымат азырынча жоктугун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG