Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Сары-Челекте дайынсыз болуп жаткан израилдик туристтин сөөгү табылды


Хилла Ливне Сары-Челекте
Хилла Ливне Сары-Челекте

Сары-Челекте бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы израилдик турист кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сары-Челек коругунун башчысы Эсенали Ормоналиевдин айтымында, аны орусиялык туристтер табышты.

Маркум Хилла Ливне Сары-Челекке 23-сентябрда барган.

Төрт турист корукка чыгып, бирөөнүн буту чыгып кетип, экөө аны менен алагды болуп калганда, төртүнчү кыз Хилла Ливне адашып кеткени кабарланган. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG