Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Каза болгон туристтин сөөгү орусиялык жарандардын дрону менен табылды


Хилла Ливне
Хилла Ливне

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20 чакты адиси учурда Сары-Челекте каза болгон израилдик турист кыздын сөөгүн аскадан алып түшүү аракетин көрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 23-сентябда Аксынын Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израилдин эки жараны жана Франциянын эки жараны турист болуп келип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишкен.

Эртеси күнү алар Сары-Челек көлүн көздөй жол тартып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу израилдик Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Дагы бир израилдик жаран Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жараат алган. Аны Аркыт айылына алып келишкен, абалы канааттандырарлык.

29-сентябрда ӨКМ куткаруучулары Орусиядан саякат жөнүндө тасма тартканы келген жарандарга кайрылып, алардын дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, Ливне аскадан кулап каза болгону аныкталды.

XS
SM
MD
LG