Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Сариев: Аягына чейин күрөшөм


Темир Сариев
Темир Сариев

«Мен аягына чейин күрөшөм», - деп билдирди бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда президенттикке талапкер Темир Сариев.

Ал талапкерлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров менен жолукканын айтып, «айрым сунуштар болгон, бирок мен үчүн эң башкысы – кадыр-барк, ар намыс жана абийир. Мен акырына чейин күрөшөм», - деди.

Сариев «кызыгарлык сунуштар да болгонун» белгиледи.

Темир Сариев аны президент Алмазбек Атамбаев күттүрүп коюп кабыл албай койгон деген маалыматты жалган деп атады.

«Мен баарынан административдик ресурс эмес, добуштардын сатылып алышынан коркуп жатам», - деп белгиледи Сариев.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Боршайкомдон 13 талапкер катталган.

Буга чейин мурдагы премьер-министр, "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев ат салышуудан баш тартышы ыктымал деген кабар тараган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG