Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Сенат АКШнын Орусиядагы жаңы элчисин бекитти


Жон Ханстман
Жон Ханстман

АКШнын Сенаты Юта штатынын мурдагы губернатору Жон Ханстманды Американын Орусиядагы элчиси кылып бекитти. Ханстман Москвага дипломатиялык өкүл катары март айында эле жөнөтүлгөн. Бирок Ак үй Кремлдин алдын ала макулдугун (агреман) күтүп, Ханстмандын талапкерлигин Сенатка көрсөтпөй келген.

АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путин жайында Гамбургда жолукканда жаңы элчилердин талапкерлигин жактырышкан. Ага ылайык, Орусиянын Америкадагы жаңы элчиси болуп Анатолий Антонов дайындалган.

Жон Ханстман Сенатта сүйлөп жатып, Москванын саясатын АКШнын тышкы саясатындагы башкы маселелердин бири деп атады. Ал буга чейин Американын Сингапурдагы жана Кытайдагы элчиси болуп иштеген. 2012-жылы президенттикке талапкер да болгон.

XS
SM
MD
LG