Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарды салык кызматкерлери катуу текшере баштады. Кечээ 28-сентябрда жүргүзүлгөн рейд учурунда шаар ичиндеги тойканаларда иштеп жаткан бийчилер, музыканттар жана тамадалар текшерилди. Жыйынтыгында эки тамада, эки бийчи, музыкант жана сүрөтчүгө эскертүү берилди.
Ошондой эле айрымдары патентин көрсөтө албагандыктан аларга убакыт чегерилди.
Шаардык салык кызматы той-аштар кызыган күз айларында бул тармакта иштегендерге карата текшерүү иштери улантыларын билдирет. Учурда тойлордо кызмат көрсөткөн 10 адам гана салык кызматынан патент алып иштейт.
Жакында Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүлүп, салык мыйзамдарын бузган операторлор, фотографтар жана тамадалар аныкталган.
Алып баруучулар Бакыт Байсариев, Урмат Борченов, Майрамбек Осмоновдун жана башкалардын аты аталган.
Тойлорду алып баруу жана тейлөө кызматына патенттин баасы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин. Ишкерликтин бул түрү боюнча Салык кызматына 2017-жылдын сегиз айында 665 миң сом түшкөн. Салык кызматы мындай текшерүүлөрдү дагы улантаарын билдирген. (RsK)