Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:03

Баткенде жетим балдар үчүн билим борбору ачылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткенде жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөдө тарбияланган балдар үчүн билим борбору ачылды.

315 орунга ылайыкташкан “Ак-Чыйыр” деп аталган борбор Лейлек районунда ачылып, учурда 173 бала кабыл алынганын “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Май айында башталган курулуш иштерин Кувейт мамлекети каржылап, 70 млн сом сарптаган.

Билим борборунда Баткен жана Ош облустарынан келген балдар акысыз билим алып, тамак-аш, кийим кече менен камсыз болот. Алар орус, англис, араб тилдерин да үйрөнөт.

Кыргызстанда бала бакчанын жетишсиздиги социалдык тармактагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет.(JsA)

XS
SM
MD
LG