Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

SpaceX Марска учура турган ракетасынын долбоорун сунуштады


Илон Маск
Илон Маск

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Илон Маск Марс планетасына учура турган жаңы ракетасынын долбоорун сунуштады. Ал бул ракетаны планеталар аралык сапарларда гана эмес, Жер шаарынын бир бөлүгүнөн экинчисине жүргүнчү ташууда да колдонса болоорун Австралиядагы Астронавтика боюнча эл аралык конгрессте 29-сентябрда айтты.

Bloomberg басылмасы кабарлагандай, BFR деп аталган жаңы ракетанын узундугу 100, диаметри 9 метрди түзөт. 31 кыймылдаткыч орнотулуп, 120 кишини батыра алат. Мындай ракета менен Нью-Йорктон Шанхайга чейин 30 мүнөттө жетсе болот.

SpaceX компаниясы 2022-жылы Марска алгачкы жүк салынган космостук кемени, 2024-жылы болсо биринчи экипажды жөнөтүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG