Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:41

Бишкекте филармониянын жанындагы жаңы эле капиталдык оңдоо жасалган жол астындагы өтмөктөгү кемчиликтер курулуш компаниясынын эсебинен жоюлат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди:

- Азыр ошол жерде жүрөм. Бир бурчтан суу агып жатыптыр. Себебин ачкандан кийин аныктайбыз. Курулуш компаниясынын эсебинен оңдолот.

Быйыл Бишкек мэриясы шаардагы эки чоң өтмөнү капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрдү. Экинчиси “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанында.

Филармониянын жанындагыга шаардык бюджеттен 27 миллион сом сарпталган. Бүгүн Бишкекте жаан жаап жатат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG