Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кабулда шиит мечитинин жанында бомба жарылды


Жардыруу Кабулдун түндүгүндөгү Фетхулла конушунда болгон.
Жардыруу Кабулдун түндүгүндөгү Фетхулла конушунда болгон.

Ооганстандын борбору Кабулдагы шиит мечитинин жанында жума намазы маалында жанкечтилер бомба жардырып, андан кеминде бир жай тургун мерт болду. 29-сентябрдагы бул окуядан 20дан ашуун киши жараат алды.

Коопсуздук расмийлери эки жанкечти өзүн жардырганын билдирди. Бул чабуул шииттердин диний жылнаамасындагы ыйык күн саналган - Ашурага даярдык жүрүп жатканда жасалды.

Чагымчыл кол салууга азырынча эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок буга чейин Ооганстанда шиит азчылыгын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бир нече жолу бутага алган.

XS
SM
MD
LG