Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:17

Мурдагы немис канцлери "Роснефттин" кеңешин жетектеди


Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Орусиянын мамлекеттик "Роснефть" мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлиги 29-сентябрда компаниянын акционерлеринин Санкт-Петербургдагы жыйынында сунушталды.

Жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү 9дан 11ге көбөйүп, ага Орусиянын энергетика министри Александр Новак да кошулду.

"Роснефттин" башчысы Игор Сечиндин Шредердин директорлор кеңешине киргенин компаниянын Европадагы бизнесин өнүктүрүүгө шарт түзөт деп айтканын "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

"Роснефть" компаниясы Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин Европа Биримдигинин санкцияларына кабылган.

Герхард Шредер Орусиянын газын Германияга ташып келе турган "Түндүк Агым" долбоорунун акционерлер кеңешин да жетектейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG