Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

БШК каттоодон өтпөгөн талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-сентябрдагы жыйынында бир добуштан каттоодон өтпөгөн талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү чечти.

Бул тууралуу Боршайком төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн арыз берип, бирок каттоодон өтпөй калган беш кишинин күрөө үчүн берген акчасы кайтарылат.

Абдрахматованын айтымында, бул маселе Боршайкомдо көпкө талкууланып, беш талапкер - Кубан Чороев, Акматбек Келдибеков, Турсунбек Акун, Исхак Масалиев жана Канат Исаевди каттоодон БШК баш тартканы жана алардын шайлоого катышпаганы, андан мамлекет эч кандай чыгым тартпаганы эске алынып, күрөөнү кайтаруу чечимине келген. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо күрөөсүнө байланышкан маселени талкуулоо өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетине кайрылып, аны "Боршайком өзү чечиши керек" деген жооп алган.

Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер болуп катталууну каалаган ар бир адам 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн коюшу керек. "Президенттик шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 53-беренесинин 4-бөлүгүндө шайлоо күрөөсү каттоодон өткөн талапкер добуш берүү жыйынтыгында шайлоочулардын кеминде 5% добушун алгандан кийин кайтарылууга тийиш деп жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG