Ош-Бишкек жолунун Ала-Бел жана Төө-Ашуу участкаларында кар түшкөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облустук патрулдук милиция башкармалыгы айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөргө өтүүгө чакырды.
Бул тууралуу аталган мекеменин инспектору Нурлан Саркаров "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жолдун тайгак болуп жатканы жана кардын оор түшкөнү боюнча жолго чыккан айдоочуларга эскертүүлөр берилип жатат.
Кыргызстанда 29-сентябрда аба ырайы кескин сууп, тоолуу аймактарга кар жаады. (RsK)