Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Бюллетендерди автоматтык саноочу үкөктөр таратыла баштады


Архив.
Архив.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Кочкор жана Нарын райондорундагы, Нарын шаарындагы айрым добушканалардагы шайлоого даярдыктын жүрүшүн көрүп чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жумакадыров 29-сентябрда Нарын облустук штабдын жыйынына да катышып, шайлоо жаңы ыкмадагы биометрикалык маалыматтардын негизинде өтүп жаткандыктан, техникалык жабдуулардын талаптагыдай иштеши шарт деп айтты. Электр энергиясы, үзгүлтүксүз интернет байланыш менен ар бир шайлоо участкасы камсыздалууга тийиш деген тапшырма берди.

Жыйында ушу тапта Нарын облусунда 167 добушкана тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, 180 миң 100 шайлоочунун саны такталганы белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалагандай, 30-сентябрдан тартып бюллетендерди автоматтык саноочу үкөктөр добушканаларга таратыла баштады. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жаңы технологияларды башкаруучу операторлор окуудан өтүп, даяр турушат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG