1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйнала элек жашылча-жемиштерге, үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Кыргызстанда 1-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; айрым жерлерде -1…-3 үшүк жүрөт.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн -1…-3 үшүк жүрөт, күндүз 9…14;
Баткендин дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15; айрым жерлерде -1…-3 үшүк жүрөт;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15, айрым жерлерде -1…-3 градус үшүк жүрөт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 1-октябрда жаан-чачын жок. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14 градус жогору болот.