Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Алексей Навальный Оренбургдагы митингге катышат  


Алексей Навальный Орусиянын аймактарынын биринде.
Алексей Навальный Орусиянын аймактарынын биринде.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30-сентябрда эртең менен Оренбургга келди. Бул шаарда анын тарапкерлери менен жолугушуусу белгиленген. Кечээ ал Нижний Новгороддо жашоочулар менен кездешүүгө тийиш болчу. Бирок Москвада аны полиция кармап кетип, кечке маал гана кое берилгени кабарланды. Полиция бөлүмүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Навальный Орусиянын аймактарын кыдырууну улантарын билдирди.

Ал 2-октябрда Москванын Симонов сотуна барууга милдеттүү. Сотто митинг уюштурууда мыйзам бузуу боюнча Навальныйга козголгон иши каралат.

Навальный Твиттердеги баракчасына өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясынын алкагында жакынкы күндөрү Оренбург жана Архангел шаарларындагы митингдерден баш тартпай турганын жазды.

Саясатчынын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков 29-сентябрда Нижний Новгороддо митинг уюштуруу менен алектенип жүргөндө кармалып, кайра кое берилгенин билдирди. Мунун алдында Навальныйдын бул шаардагы штабынын координатору Анна Петкогло жана бир нече активист кармалган. "Азаттыктын" орус кызматы митинг белгиленген жерге Навальныйдын миңден ашуун тарапкери чогулганын маалымдады.

Алексей Навальный 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG