Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Орусияда үч жоокерди атып өлтүргөн ефрейтор жок кылынды


Орусиядагы аскерге чакырылгандар. 30-сентябрь, 2017-жыл.
Орусиядагы аскерге чакырылгандар. 30-сентябрь, 2017-жыл.

Орусиянын Амур облусундагы машыгуу талаасында өзү менен бирге кызмат өтөгөн үч жоокерди атып салган ефрейтор аны кармоо учурунда өлтүрүлдү. Орусиянын чыгыш-аскердик округунун басма сөз кызматы анын куралдуу каршылык көрсөткөнүн ырастады.

"Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, ефрейтор Гасан Абдулахадов аткан октон ротанын 28 жаштагы командири жана 20 жаштагы эки аскер мерт кетти. Дагы эки аскер кызматкери жараат алышты. Ок ачкан жоокер ротанын курамына жакында эле алынганы кабарланууда.

Окуя пландуу түнкү атуулар маалында болгон. Абдулахадов жоокерлерге автоматтан ок атып, андан кийин куралын алып качып кеткен.

XS
SM
MD
LG