Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:05

Америкалык The New York Times басылмасы Азербайжандагы ЛГБТ коомчулугунун абалы тууралуу макала жарыялады. Буга полициянын ондогон кумсалар жана трансгендерлерди кармап кеткени себеп болду.

Бийлик тартип коргоо органынын аракетин "Бакунун борборундагы сойкулукту" тыюу боюнча жергиликтүү элдин кайрылуусу менен байланыштырды. Аталган америкалык басылма шилтеме берген адвокаттар болсо муну жөн гана шылтоо деп жатышат. Кармалгандарга жардам берген адвокаттардын бири журналисттерге кумсалар менен трансгендерлер аёосуз мамилеге жана кыйноого кабылганын билдирген.

Азербайжандык укук коргоочулар өлкө бийлиги мурда да кумсаларды куугунтуктап келгенин, азыр тынымсыз рейддерди уюштуруп жатканын белгилешүүдө.

Бийлик кармалгандардын көбүнөн жугуштуу оорулар, сифилис жана СПИД чыкканын айтууда. Бирок мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG