Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:48

Таласта Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери митингге чыгышты


Өмүрбек Бабановдун Талас шаарында топтолгон тарапкерлери. 1-октябрь, 2017-жыл.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Талас шаарында митингге чыгышты. Алар алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү талабын коюп жатышат. "Азаттык" радиосунун аймактык кабарчысы билдиргендей, чогулгандар "Шайлоо - бул каралоо эмес, тандоо", "Бийлик эл тандоосуна тоскоол болбосун!", "Административдик ресурс - алсыз бийликтин куралы", "Кара пиар - бул интрига", "Талапкерлерге бирдей мамиле каралсын!" деген жазууларды кармап турушат.

Уюштуруучулар жыйынга келгендердин саны 500дөн ашканын айтышууда. Милиция жыйынга канча киши келгенин тактаган жок. Эл алдында парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев сөз сүйлөп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында шайлоочулар менен ушул сыяктуу жыйындар өтүп жатканын айтты. Анда чыгып сүйлөгөндөр таза шайлоо талабы менен бирге Бабановду "каралоону" токтотууга бийликти чакырып жатышат.

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

"Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Учурда тергөө жүрүп жатат" - деп маалымдаган УКМК.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунун тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган.

Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп кабарлаган.

Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. (AlS/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG