Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Бабанов: Канат Исаев мени колдогону үчүн кармалды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов соңку саясий окуялар боюнча Бишкектеги штабдарынын биринде басма сөз жыйынын куруп жатат.

Ал өз сөзүндө парламент депутаты Канатбек Исаевдин кармалышы боюнча комментарий берип, интернетте тараган тасмаларды көрүп чыкканын, бирок анын биринде да Исаевдин төңкөрүш тууралуу айткан сөзү жок экенин билдирди:

- Бардык материалдардан мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылган жок. Сот гана адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин аныктай алат. Эгерде Канат Кедейканович мени колдобосо анда мындай маселе жаралмак эмес. Мени колдогону үчүн ушундай болуп атат. Анын мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да сөзүн уккан эмесмин , - деген Бабанов өзүн каралоо аракети уланып жатканын кошумчалады.

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

"Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Учурда тергөө жүрүп жатат" - деп маалымдаган УКМК. (NT)

XS
SM
MD
LG