Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Сирияда аба соккусу кеминде 28 кишинин өмүрүн алды


Орусиянын аба соккусу деген окуядан кийин. Сирия, Идлиб. 25-сентябрь, 2017-жыл.
Орусиянын аба соккусу деген окуядан кийин. Сирия, Идлиб. 25-сентябрь, 2017-жыл.

Ишембиге караган түнү Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында аба соккусунан кеминде 28 жай тургун каза тапты. Адам укугуна байкоо салган сириялык борбор билдиргендей, курмандыктардын төртөө балдар. Сокку Идлиб провинциясынын Түркия менен чектешкен жердеги согушкерлердин пункту деген Арманаз кыштагына урулган.

Куткаруучулардын билдиришинче, 19-сентябрда өкмөттүк жана орусиялык авиациянын соккуларынан ондогон жай тургундар мерт кетти. Дамаск да, Москва да буга тиешеси жоктугун, согушкерлердин позицияларын гана бомбалап жатканын айтып келет.

Жакында эле Түркия Орусия буга чейин жетишилген келишимдерди бузуп жатканын, Идлибдеги аба операцияларынан карапайым жарандар менен байистүү козголоңчулар каза тапкандан кийин билдирген.

15-сентябрда Орусия, Түркия жана Иран Идлибде "деэскалация" зонасын түзүүнү макулдашкан. Ал жакта түрк аскер бөлүктөрү жайгашары каралган.

XS
SM
MD
LG