Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Нарында казыят кызматкерлери кургак учук боюнча окуудан өтүштү


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун демилгеси жана USAID уюмунун колдоосу менен 29-30-сентябрь күндөрү Нарын шаарында дин өкүлдөрүнө "Кургак учукту жеңсе болот" деп аталган окуу болду.

Ага облустук казыяттын 28 кызматкери катышты. Окуунун максаты диний кызматкерлер менен коомчулуктун ортосундагы мамилени чыңдоо жана ден-соолукка олуттуу мамиле кылууга чакырууга багытталган.

USAID уюмунун адиси Дилшат Хаитовдун айтымында, акыркы жылдары кургак учук менен ооруган бейтаптардын арасында "ислам дининде ийне сайдырууга жана дары ичкенге болбойт" деген түшүнүк чыгып, дартты дарылоодо кыйынчылык жаралган.

Ошого байланыштуу уюштуруучулар дин өкүлдөрүн коомчулукка туура пикир жеткирүүгө үндөштү. Казыят өкүлү эл арасында кургак учукту дарылоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болушту. (MiK)

XS
SM
MD
LG