Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Бокоев: Бабановго каршы чагым уюштурулду


Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев кесиптеши Канатбек Исаевдин кармалып, камакка алынышын Өмүрбек Бабановго карата чагым деп атады. Бул тууралуу Бокоев 1-октябрда Талас шаарында Бабановду колдоо митингинде сөз сүйлөгөн учурда билдирди:

- Бүгүн бийлик чычалай баштады. Өзүнүн талапкерлери, мураскору бар экенин көрсөтө баштады. Ушундай убакта бийлик калыстык менен карап туруш керек. Кечээ УКМК Канатбек Исаевди кармаса, эми аны Бабановго жармаштырып жатышат. Бул чагымдын туу чокусу, - деди Бокоев.

Канатбек Исаевди УКМК алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин "талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен 30-сентябрда кармап, 48 саатка камакка алган. Атайын кызмат аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Канатбек Исаев жетектеген "Кыргызстан" партиясы жана ал мүчө болгон парламенттеги фракция, ошондой эле адвокаттары анын кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Бүгүн президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Канатбек Исаевдин камакка алынышын депутаттын өзүн колдогону менен байланыштырды.

Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган. 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдой турганын билдирип,талапкердин айрым аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларына катышкан. Президенттик аппарат бийлик тарабынан Бабановго бут тосуулар болуп жатат деген маалыматтарга жооп айта элек. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев шайлоо акыйкат өтөрүн жана бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн билдирген. (NT/AlS)

XS
SM
MD
LG