Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Ооганстанда жаңылыш бомбалоодон күч түзүмдөрүнүн он өкүлү каза тапты


Президент Ашраф Гани Гилменд провинциясына келген учур. 27-июль, 2017-жыл.
Президент Ашраф Гани Гилменд провинциясына келген учур. 27-июль, 2017-жыл.

Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Гилменд провинциясында болду. Жергиликтүү губернатор Хаятулла Хаяттын айтымында, Ооганстандын өзүнүн аскер аба күчтөрүнүн учагы бомбаны жаңылыш таштоосунан күч түзүмдөрүнүн он адамынын өмүрү кыйылып, дагы кеминде тогузу жаракат алган.

Аба соккусу өкмөттүк күчтөр акыркы бир нече күндөн бери уруш жүрүп жаткан стратегиялык аймакта "Талибандын" майдан тилкесин бузуп өтүүгө аракеттенип жаткан кезде жасалган.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы, генерал Давлат Вазири аба соккусу жасалганын ырастады, бирок анын чоо-жайын айткан жок.

Быйыл июль айында Гилменд провинциясында АКШнын жаңылыш аба соккусунан он алты ооган полицейи мерт болуп, экөө жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG