Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:33

Орусия Украинанын Беларуста аскер калтырды деген билдирүүсүн төгүндөдү


Президент Александр Лукашенко "Батыш-2017" машыгуусуна байкоо салган учур. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун ырастоосунда, “Батыш-2017” машыгуусуна катышкан орусиялык аскерлердин баары туруктуу базаларына кайтты.

Конашенков бул тууралуу 30-сентябрда билдирди.

29-сентябрда Орусия Беларуста аскерлеринин би бөлүгүн калтырганын Рейтер агенттиги менен маегинде Украина армиясынын Башкы штабынын башчысы Виктор Муженко айтып, мындай жагдай Москва менен Киевдин мамилесиндеги чыңалууну азыркыдан да күчөтөрүн белгилеген.

Орусия мнен Беларус “Батыш-2017” деп аталган стратегиялык машыгууларын 14-20-сентябрда өткөргөн. Машыгуу эки өлкөнүн тең аймагында болгон.

Москва менен Минск ага баары бириккенде 12700 эле аскер катышты деп ырасташканы менен, НАТОнун жана Батыш өлкөлөрүнүн аскерий өкүлдөрү чыныгы сан 100 миң аскердин тегерегинде деп болжолдогон.

Орусиялык аскерлер Беларустун аймагынан кетерин машыгуунун акыркы күнү президент Александр Лукашенко да билдирген. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG