Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:48

Москва: Ютуб цензурасына каршы акциянын катышуучулары кармалды 


Ютуб видеохостинги. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада интернеттеги YouTube каналында цензурага каршы акцияда 20дан ашык адам кармалды. "ОВД-Инфо" сайты билдиргендей, ушундай эле акция 1-октябрда Санкт-Петербургда да өттү. Ал жакта кармалгандар тууралуу азырынча кабар жок.

Бийликтен уруксат алынбаган митингди "Артподготовка" кыймылынын активисттери уюштурган. Алар YouTube каналынын Орусиядагы кызматкерлери “ойдон чыгарылган шылтоолор” менен оппозициялык блогерлердин каналдарын жана видеороликтерин өчүрүп, бийликчил маалыматтарды таратып жатат деген нааразылык билдиришти.

Быйыл июлда америкалык видеохостингдин негиздөөчүлөрүнө Орусиядагы бөлүмүнүн үстүнөн жергиликтүү блогер Дмитрий Иванов арызданган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG