Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүнкүгө белгиленген сотунда жадыбал боюнча мамлекеттик айыптоо тараптын күбөлөрү көрсөтмө берүүгө тийиш.
Акыркы жараян 25-сентябрга белгиленип, бирок Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекованын депутат Аида Салянованын да сотуна катышып бошобой жатканына байланыштуу бүгүнкүгө жылган.
Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Башкы прокуратура бул иш боюнча быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон. Депутат өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атап келет. (NT)