Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Канада: полициячыга кол салуу теракт катары иликтенүүдө


Канада полициячысы. Иллюстрациялык сүрөт.
Канада полициячысы. Иллюстрациялык сүрөт.

Канаданын Эдмонтон шаарынын полициясы кечээ бычак менен полицияга кол салып, андан кийин жөө жүргүнчүлөрдү автоунаа менен коюп кеткен кишини кармады.

Жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары окуяны теракт деп эсептеп жатканын билдирди.

Кармалган адамдын машинесинен “Ислам мамлекети” террордук тобунун желеги табылган. Ал жеңил автоунаа менен полициячыны сүзүп, андан кийин ага бир нече жолу бычак сайганы, жабырлануучу ооруканага жаткырылганы кабарланды. Андан соң бул машинени таштап качып кеткен, “Ислам мамлекети” террордук тобунун байрагы табылгандан кийин полиция аны издей баштаган.

Жүк ташуучу автоунаа менен качкан кылмышкер төрт адамды тебелеп, алар ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Кол салган адамдын тек-жайы кабарлана элек.

XS
SM
MD
LG