Мындай маалыматты USAID уюмунун адиси Дилшат Хаитов билдирди. Анын маалыматына караганда, Нарын облусунда акыркы жылдары кургак учук менен ооруган бейтаптардын арасында "ислам дининде ийне сайдырууга жана дары ичкенге болбойт" деген негизде дарылануудан баш тарткандар чыккан.
Ушундай түшүнүктөн улам аталган дартты дарылоо, алдын алуу аракеттеринде кыйынчылык туулган.
Маселени чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борбору USAID уюмунун колдоосу менен 28-30-сентябрда дин кызматкерлерине кургак учук ага каршы дары-дармек менен гана айыгат деген негизде семинар өткөрдү. "Кургак учукту жеңсе болот" деген окууга облустук казыяттын 28 өкүлү катышты. Алар кургак учукка кабылгандар дарыланышы керектигин элге түшүндүрө турган болушту. (NT)