1-октябрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жолугушууда мектеп, бала бакчалардын курулушу, айылдардагы жол, ичүүчү суу жана башка ыңгайлуулуктарды өнүктүрүү боюнча суроолорго жооп берди. Ошол эле учурда президентке чет жактан келип, отурукташкан кайрылман кыргыздарга жарандык берүү маселеси боюнча да кайрылгандар болду.
Мамлекет башчы Аламүдүн районунун элине өзүн туруктуу колдоп келе жатканы үчүн ыраазылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан бардык байлыктар эл үчүн иштеп жаткан өлкөгө айланганын, мындан ары да ушундай болорун баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаев жолугушуу учурунда көтөрүлгөн айрым маселелерди чечүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды деп маалымдайт президенттик аппарат.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекет башына 2011-жылы келген. Быйыл 1-декабрда президенттик мөөнөтү аяктайт.