Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Таласта талапкер Улукбек Кочкоровдун үгүт баннерин айрып кетишти


Улукбек Кочкоровдун айрылган баннери.
Улукбек Кочкоровдун айрылган баннери.

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоровдун Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндөгү борбордук штабына илинген баннерин 2-октябрга караган түнү белгисиз адамдар айрып кетишкен. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына Кочкоровдун Талас облусундагы ишенимдүү өкүлү Элдар Алаков билдирди. Алар окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылды.

Таласта буга чейин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннерлери айрылып, өрттөлгөн.

Талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы ага тиешелүү баннерлер Кочкордо алынганын, талапкер Бакыт Төрөбаевдин баннерлери Сузакта жана Кара-Көл шаарында алынганын маалымдап, буга байланыштуу арыз-дооматтар БШКга жана прокуратура органдарына берилген.

Прокуратура булардын айрымдары боюнча иликтөө жүргүзүп, жергиликтүү бийлик ээлерин суракка алган. (ASu/ZKo)

XS
SM
MD
LG