Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын Июнь окуясынан жабыркагандар түзгөн "Санпа шейиттери" коомдук уюму “Өнүгүү Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен түзгөн тандеминен баш тартууга үндөштү. Бул тууралуу бүгүн аталган уюм өткөргөн пресс-конференцияда анын мүчөсү Кеңешбек Калбаев билдирди.
- Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар алдында кыргыз-өзбек достугуна доо кетирип сүйлөгөн сөзүнөн кийин Бакыт Төрөбаев терең ойлонуп, андан баш тартышы керек. Бабанов түштүк окуяларын жакшы билбесе да, Төрөбаев баарын өз башынан өткөрүп, жакшы түшүнөт. Ошондуктан Төрөбаевди тандемин өзгөртүүгө чакырабыз, эгерде ал тандемин өзгөртпөсө Төрөбаевди эл душманы катары эсептейбиз, - деди Калбаев.
Мындан сырткары "Санпа шейиттери", "Элим жерим бир" жана башка бир нече коомдук уюм биригип БШКга талапкер Өмүрбек Бабановго карата укуктук баа берүүсүн суранып, кайрылуу жолдошту.
28-сентябрда Бабанов Ошто Амир-Темур кичи районунун тургундары менен жолуккан.
Эртеси күнү интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тараган.
Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөп монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт. Штаб билдирүү таратып, “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата кара пиар күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыкты. Билдирүүдө ошондой эле Бабановдун өкүлдөрү буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдогону жатканы, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектиги” айтылат.
Бабанов менен Төрөбаев 18-сентябрда шайлоо алдында тандем түзгөнүн жарыялашкан.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RsK)