Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Кара-Суу: Шайлоо участогунда илинген Жээнбековдун сүрөтү кайра алынды


Кара-Сууда мектептеги шайлоо участогунан Жээнбековдун сүрөтү алынды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кара-Суу райондук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Мурдараак Кара-Суудагы Бабур орто мектебинде жайгашкан №5475 шайлоо участогуна Жээнбековдун сүрөтү илингенин жергиликтүү тургундар кабарлашкан.

Шайлоолорго адистешкен “Жарандык позиция” уюмунун өкүлү Элвира Икрамова мындай көрүнүш мыйзамсыз деп эсептейт:

- Мектепте, шайлоо участогунда талапкердин жарнагы илингени негизи туура эмес. Ал алыныш керек. Шайлоо мыйзамдарында буга окшогон нерселер анча так жазылбай калган. Бирок шайлоонун логикасы боюнча муниципалдык мекемелердин дубалдарына бийликтин талапкеринин сүрөтү илингени административдик ресурс колдонулуп жатканын гана далилдейт.

Буга чейин Ош шаарында президенттикке КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында элди биометрикалык каттоодон өткөрүп жаткан окуя катталган эле.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушууда сүйлөп жатып “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (YI)

XS
SM
MD
LG